Бишкекте 39 жаштагы айым алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте 39 жаштагы айым алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 21-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ленин РИИБинин аймактык милиция кызматкери алдамчылыкка шектүү катары Жанна Султанканова аттуу 39 жаштагы жаранды кармаган. Аталган айым буга чейин жарандардын ишеничине кирип, жаңы конуштардан жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө сатып, качан гана акча колуна тийгенде, из жашырып кетип жүргөн.
Жанна Султанканова 5 жыл аралыгында ушундай алдамчылык менен алектенип бир канча жолу сот жообуна да тартылганына карабай кайрадан жарандарды алдоого барган. Учурда анын үстүнөн иш козголуп, иликтөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.