super.kg logo
  Саясат  

Данияр Нарымбаев: "Ар бир жаран Конституциялык палатага кайрылууга укуктуу"

 

Укугу бузулган ар бир жарандын Конституциялык палатага кайрылууга укугу бар. Муну бүгүн, 21-майда президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында “Конституциялык Соттордун укугунун натыйжасы катары Конституциялык Соттордун чечимин аткаруу” деген темадагы эл аралык жыйында айтты.

Кыргызстандын ар бир жараны укугу бузулса Конституциялык палатага кайрыла алат. Ал эми Конституциялык палата ал жарандын кайрылуусун кабыл алып, өзүнүн өкүмүн чыгарууга милдеттүү”,- дейт Данияр Нарымбаев.

Ошондой эле Конституциялык палата өз ишин мыкты аткаруунун жолун табууда. Жакынкы аралыктарда бул палатага бир топ эле арыз-доомат келип түшө турганын айтты.

Эскерте кетсек, конференцияга Түркия, Армения, Тажикстан, Молдовия, Азербейжан, Латвия, Казакстандын Конституциялык Сот өкүлдөрү жана эл аралык серепчилер катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: