super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар өлкөдөгү долбоорлорду ишке ашырууда консультанттарга ашыкча акча жумшалып жатканын айтышты  

 
Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева эл аралык каржы уюмдарынын насыяларынын эсебинен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун консультанттарынын айлыгына ашыкча акча жумшалып жатканын айтып чыкты. “Мисалы, азыр Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы суу ресурстарын башкаруу боюнча эки долбоорду каржылоодо. Келишимге ылайык, долбоорду техникалык жактан тейлөөгө насыянын 4 миллион доллары жумшалат экен. Консультанттардын арасында 350 миң долларга чейин маяна алгандар бар. Алардын көбү чет өлкөлүк адистер. Демек, алар берген акчасын кайра алып кетип жатышат. Менимче, бул багытта кескин чараларды көрүү зарыл”,- дейт депутат. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул маселени чечүү жаатында иш-чаралар көрүлүп жатканын билдирди. “Насыя берүүчү жактын талабы ошондой. Консультант катары жогорку адистиктеги адамдар тартылып, алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, анын ишке ашырылуу жүрүмүн көзөмөлдөйт. Бул маселени сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чечүү аракетин жасоо керек. Колдон келсе, андай долбоорлорго жергиликтүү адистерди тартуу зарыл”,- деди премьер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: