super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык форуму менен кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулады

 

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Чыңгыз Айтматов атындагы “Эл аралык Ысык-Көл форуму” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен жолугушту.  

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анда өлкөнүн коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара аймактары тууралуу маселе талкууланды.

Форум мүчөлөрү Баткен облусундагы акыркы конфликтке байланыштуу өздөрүнүн бушайман болгондугун билдиришти. Эки мамлекеттин элдеринин ынтымагын жана достугун тереңдетүү максатында форум жетекчилери Ысык-Көл жээгинде, Баткен жергесинде жана Тажикстанда иш-чара өткөрүүнү улантуу тууралуу билдиришти. Вице-премьер форум мүчөлөрүнүн бул демилгесин колдоого алды.

Буга байланыштуу өкмөт аппаратынын профилдик бөлүмүнө Чыңгыз Айтматов атындагы “Эл аралык Ысык-Көл форуму” менен бирге иш-чараларды уюштуруу планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: