super.kg logo
  Саясат  

Ош. Чоң-Алай районунун айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

 
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай аймактык айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттеринин иши менен таанышкан жергиликтүү депутаттар бүгүн, 21-май күнү парламент жыйынынын жүрүшүнө да күбө болушту.

“Мамлекеттин негизги таянычы - аймактар. Ошондуктан мындай жолугушуулар, тажрыйбаны байытууга багытталган иш-чаралар аймактар менен борборду, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы байланышты чындоого багытталган эң натыйжалуу жол десе болот”,- деди Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Абдысалам Бөрүбаев.

Эске салсак, буга чейин да республиканын аймактарынан жергиликтүү кеңештердин депутаттары Жогорку Кеңешке экскурсияга келип, депутаттар менен жолугушууларды өткөрүп, фракция, комитеттердин иши менен таанышып кетишкен. Бул тажрыйба салтка айланып, Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин карым-катышын бекемдөөгө, парламенттин ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: