super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмеси аймакты коопсуздук менен камсыздоого көмөктөшүүдө"

 

Бүгүн, 21-майда Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында өткөрүлгөн Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин саммитинин IV отурумуна катышты. 

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге жана жалпы кытай элине меймандостугу жана жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент отурумга төрагалык кылган мезгилде аткарган көрүнүктүү иши үчүн Түркия Республикасына дагы ыраазычылык айтты.

“Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Азияда өз ара аракеттенишүү жана ишеним чаралары кеңешмеси түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин биз аталган кеңешменин Азия мейкиндигинде акырындап олуттуу жана абройлуу эл аралык форумга айланышына күбө болдук. Форум катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы диалогго көмөктөшүп, аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча кызматташуунун мыкты үлгүсү болуп калды”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы дайыма АӨИЧКтин процесстерине маани берип, анын аракеттерин колдоорун, Азия мейкиндигинде буга чейинкидей диалогдун, ишенимдин, достуктун жана кооперациянын бекемделишине багытталган кеңешменин негизги максаттарынан жана принциптеринен тайбастыгын баса белгиледи.

“Бүгүн көптөгөн чакырыктар жана коркунучтар сакталган жана глобалдуу атаандаштык күчөгөн эл аралык жаңы системдин калыптануу шарттарында глобалдуу жана аймактагы проблемаларды чечүүгө Азия өлкөлөрүнүн катышуусу жана жоопкерчилиги, албетте, күчөп жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: