super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Баткендеги кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү боюнча жасалып жаткан иштерди атады

 

Парламентте бүгүн, 21-майда өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда. Депутаттар Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт эмне иш кылып жатканын сурашты. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев чек ара көйгөйү боюнча буларды билдирди:

“Быйыл мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация иштерине 62 миллион сом бөлүндү. Капиталдык салымдар боюнча 495 миллион сом каралды. Инфраструктураны жакшыртууга аракет кылып жатабыз. Чек арачылардын айлыктарын жогорулатып, чек араны кайтаргандардын санын көбөйтүп жатабыз. Тажикстан менен бирге чоң программа иштетебиз, бул боюнча тажик тарап макул болду. Жаштарды маданий иш-чараларга тартышыбыз керек”.

Айта кетсек, парламентте бүгүн өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: