super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Кыргызстандын каржы саясаты бир буту менен капитализмди, экинчи буту менен социализмди басып турат"

 
Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту каралууда. Жыйында депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстандын каржы саясаты бир буту менен капитализмди, экинчи буту менен социализмди басып тургандай болуп турганын билдирди. Депутат мамлекеттин менчигиндеги айрым мүлктөрдү мисал келтирди. "Мамлекет балык чарбасында же эт комбинатында акция кармап эмне кылат? Президенттин иш башкармалыгына лыжа базасынын эмне кереги бар? Менимче, мунун баарынан тезинен кутулуу керек",- дейт депутат. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев мамлекеттин карамагындагы мүлктү дыкат иликтеп чыгып, тиешелүү чараларды көрүүгө убада берди. "Биз мамлекетке эмнелер керек, эмнелердин кереги жок экенин так билүүгө тийишпиз. Буюрса, бул маселе колго алынат. Дегеле, мамлекеттик мүлк жаатында кескин кайра курумдар жүргүзүлүшү керек",- деди премьер.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: