Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Орусияда иш сапары менен жүрүшөт
21-майда парламент депутаттары Надира Нарматова, Нурбек Мурашев “КМШ өлкөлөрүндө калк жайгаштыруу динамикасы жана туруктуу өнүктүрүү” аттуу эл аралык илимий-практикалык семинарга катышты.
Автор: Автандил Добулбеков
Иш-чара Санкт-Петербург шаарындагы Көз карандысыз мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын штаб-квартирасы – Таврия сарайында өттү.
Депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Нурбек Алимбеков КМШ ПААнын Экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышып жатканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Жыйындардын жүрүшүндө “Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүнүн шарттарында КМШ ПААга мүчө-мамлекеттерде техникалык жөнгө салуунун бирдиктүүлүк негиздери тууралуу” моделдик мыйзамдын долбоору боюнча кыргызстандык депутаттар баяндама жасашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

