super.kg logo
  Саясат  

“Жер тилкелерин трансформациялоо маселесин жергиликтүү бийлик чечет” дейт депутат Исаков

 

Жер тилкелерин трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилген. Ал эми сугат жерлерине мораторий алынган эмес. Муну депутат Эсенгул Исаков 21-майда “Парламент” радиосундагы түз эфирде билдирди. Айтымында, жер тилкелерине мораторий киргизүү менен жарандардын укуктары чектелип калган. Мындан улам атайын комиссия 2012-жылы республиканын бардык аймактарын кыдырып, элдин жерге болгон муктаждыктарын аныктап чыгышкан. Жыйынтыгында жер тилкелерин трансформациялоо боюнча 2013-жылы Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынганын айтат депутат.

Исаков бул багытта өкмөт убактылуу жобо иштеп чыкканын, ага ылайык, өзгөчө баалуу сугат жерлерине мораторий алынбаганын белгиледи. Буга чейин жер тилкелерин трансформациялоо өкмөттүн алдында түзүлгөн комиссия аркылуу жүргүзүлүп келген болсо, жаңы жобого ылайык, мындан ары жер тилкелерин бир категориядан экинчи категорияга которуу укугу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жергиликтүү кеңештерге берилгени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: