Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Тогуз-Булак айылындагы 129 жаштагы энени Энелер күнүнө карата куттуктады



Ош облусундагы Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы Тогуз-Булак айылынын 129 жаштагы тургуну Айша Атабекованы Энелер күнүнө карата куттуктады. Муну аталган башкармалыктан билдиришти. Маалыматка таянсак, Кара-Суу райондук жарандардын актылык абалын каттоо бөлүмүнүн башчысы Назира Кожошова менен Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев 19-май күнү 129 жаштагы (документинде 1885-жылы туулган деп көрсөтүлгөн) Айша Атабекованын үйүнө барып куттукташып, белектерин берип, социалдык абалы менен таанышып кайтышты.
Айша эненин учурда 2 уул, 3 кызы, 43 небереси, 27 чөбөрөсү, 7 кыбырасы бар экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
1

