Депутаттар парламентте жалган сүйлөгөн чиновниктерди жоопко тартууну сунушташууда
Парламенттин 22-майдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров парламент жыйынында жалган сүйлөгөн чиновниктерди жоопко тартууну сунуштады. “Журналисттерди жалган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликке тарта турган мыйзам кабыл алдык. Бүгүнкү жыйында министрлер жалган маалымат айтып жатышат. Булардын жоопкерчилигин ким карайт? Журналисттерди го ооздуктадык, парламенттин улуу трибунасынан жалган сүйлөгөн чиновниктерди да жоопко тартууну сунуштайм”,- дейт депутат.
Депутат өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өкмөт алсыздык кылып жатканын кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

