super.kg logo

Бүгүн Үрүмчүдө болгон жардыруунун себептери аныктала элек

 

Кытайдын түндүк-батыш провинциясынын борбору Үрүмчүдө жардыруу болду. Бул тууралуу 22-майда кытайлык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, жардыруу эртең менен саат 08:00 чамасында болгон. Окуя Үрүмчүнүн шаардык базарында болуп, жарылуунун себептери аныктала элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, эки унаа кагылышып, өрт чыгып кеткен. 

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда уйгурлар менен кытайлардын ортосунда пикир келишпестиктер байма-бай чыгып келет. Расмий маалыматтарга караганда, мусулмандар аймакта диний согуш баштоону көздөп келишет. 30-апрелде Үрүмчүдөгү темир жолдо теракт болуп, 3 жаран курман болгону жана 79 адамдын жараат алганы айтылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: