Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги электр энергиясынын баасын 2 сом 20 тыйынга көтөрүүгө каршы
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Кыргызстанда электр энергиясынын баасын 2 сом 20 тыйынга көтөрүүгө макул эмес. Муну парламенттин 22-майдагы жыйынында аталган агенттиктин башчысы Бабырбек Жээнбеков билдирди. Айтымында, бааларды көтөрүүдөн мурун тармактагы уурдоолорду азайтуу керек.
“Электр энергиясынын баасын Энергетика министрлиги айтып жаткандай 2 сом 20 тыйын эмес, 10-15 тыйынга, жок дегенде 1 сомго чейин кымбаттатууга мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу зарыл”,- деди ал.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

