super.kg logo

Ошто Кытай Эл Республикасынын экспорттук товарларынын көргөзмө-жарманкеси башталды

 

Бүгүн, 22-майда Ош шаарындагы Улуттук драма театрында Кытай Эл Республикасынын экспорттук товарларынын көргөзмө-жарманкеси башталды. Ош шаарынан жана Ош облусунан бир катар ишкерлер жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдан келген өкүлдөрдү тосуп алышты.

Анда Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кашкар округунун губернаторунун орун басары Ван Юньжи шаардын элине жана жетекчилерине кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары Кытайда да Оштун жарманкеси уюштурулуп турарын белгилеп өттү.

Айта кетсек, 22-майдан 26-майга чейин Кытай Эл Республикасынын экспорттук товарларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт. Анда айыл чарба техникалары, үй тиричилигине керектелүүчү боюмдар коюлмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: