super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кароосуз калган балдарга атайын рейд өткөрүү пландаштырылууда

 
Бүгүн, 10-январда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева КРнын Ички иштер министрлигинин тийиштүү жетекчилеринин жана Билим берүү, илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйын өлкөдө туруктуу жашаган жери жок, кароосуз калган балдардын абалы тууралуу маалымат алып, алардын кыш мезгилде жашоо шарты кандай абалда экенин билүү максатында өттү. ИИМдин тиешелүү мекеме жетекчилери 2012-жылдын ноябрь айынан 2013-жылдын 8-январына чейин Кыргызстанда сууктун айынан 41 адам каза болгонун билдиришти. Ушул абалды эске алуу менен үстүбүздөгү айдын экинчи жарымында ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин демилгеси менен Бишкек шаарында кароосуз жана үй-жайсыз калган балдарга тийиштүү министрлик жана ведомстволор менен биргеликте атайын рейд өткөрүү болжолдонууда. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: