Депутаттар Кыргызстандын аймагындагы Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстандын аскерлери кайтарып жатышын сындашууда
Парламенттин 22-майдагы жыйынында депутаттар Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстандын аскерлери кайтарып жатканын айтышып, муну чечүүнү өкмөт башчыга сунушташты. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын аймагындагы суу сактагычты коңшу өлкөнүн аскерлери кайтарышы туура эмес экенин билдирди.
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: “Мындай дагы төрт-беш объект бар. Чек ара маселеси боюнча Ташкентте болгон жолугушууда бул суу сактагыч да айтылган. Туура, алардын аскерлери кайтарып турушат. Өзбекстандык делегация чек ара маселеси боюнча Бишкекке келсе, бул маселе каралат”,- деп жооп берди.
Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту угулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

