super.kg logo

Азизбек Турдалиев, адвокат: “Дмитрий Цой спортчу Руслан Абасов менен жолуккан эмес жана анын өлүмүнө тиешеси жок”

 

Дмитрий Цой спортчу Руслан Абасов менен жолуккан эмес жана анын өлүмүнө эч кандай тиешеси жок”,- деп айтты бүгүн, 22-майда маалымат жыйынында Дмитрий Цойдун адвокаты Азизбек Турдалиев.

Анын айтымында, КРнын Ички иштер министрлигинин жетекчилери ММКлар аркылуу Дмитрий Цойдун атын каралоого аракет кылышууда. “Эмне себептен мындай аракеттер болуп жатканы мага белгисиз. Учурда Д.Цой Бишкектеги СИЗО-1де отурат. Ал жакта 2014-жылдын 6-июлуна чейин болот. Кармалгандан кийин анын ден соолугу начар болуп калды”,- деди адвокат.

"2009-жылы ишкер Д.Цой Ысык-Көл облусунда унаасында баратып трактор менен сүзүшүп алган. Мындан улам ишкер трактордун айдоочусун тизеге атып, жанындагы дагы бир жаранды тапанча менен башка чаап жиберген" деп Д.Цой айыпталууда. Андан соң бул иш белгисиз себептерден улам жабылып калган. Ошондон бери 5 жыл өттү. Бирок буга карабастан, бул иш кайра жанданууда",- деди Турдалиев.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 6-майында Дмитрий Цой адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: