super.kg logo

Бишкекте 2014-жылдын 1-кварталында капиталдык салууларга 5,8 миллиард сом каражат сарпталды

 

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 ай аралыгында Бишкек шаарынын капиталдык салууларына 5787,9 миллиард сом каражат сарпталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда борбор калаанын мэри К.Кулматовдун шаардык кеңештин депутаттарынын отурумунун жүрүшүндө ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча берген отчётунда айтылды. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын капиталдык салууларына сарпталган 5787,9 миллиард сом каражат былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көбүрөөк экени маалымдалды.

Аталган сессияда курулуш комплекстерине салынган салуулардын көлөмү өсүп жатканы туурасында да айтылды. Былтыркы жылдын алгачкы 4 ай аралыгы менен 2014-жылдын алгачкы 4 ай аралыгына салыштырмалуу турак жайлардын курулуш иштерине болгон инвестициялардын көлөмү 1,4 эсеге көбөйүп, башка тейлөө ишмердүүлүктөрүнө 140,8 миллион сом сарпталган.  

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 4 ай аралыгындагы салынып, колдонууга берилген индивидуалдык турак жайлардын аянты 127,9 миң чарчы метрди түздү. Бул былтыркы жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 1,8 эсеге көбүрөөк.

Ошондой эле жаңы конуштарды жакшыртуу иш-чараларына республикалык бюджеттен 10,4 миллион сом жана жергиликтүү бюджеттен 2,8 миллион сом каражат сарпталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: