super.kg logo
  Саясат  

Ташполот Балтабаев: “Энергетика тармагындагы коррупциялык жолдордун бетин ачпай туруп электр энергиясынын баасын көтөрүү мүмкүн эмес”

 

Энергетика тармагындагы коррупциялык жолдордун бетин ачпай туруп электр энергиясынын баасын көтөрүү мүмкүн эмес. Муну бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ташполот Балтабаев билдирди. “Энергетикадагы коррупциялык схемалардын бетин ачпай туруп кантип электр энергиясына болгон бааларды көтөрөбүз? Тармак боюнча кескин чараларды кабыл алыш керек”,- дейт депутат.

Балтабаев өлкөгө кирип жаткан дары-дармектин бир нече түрүнүн кошумча нарк салыгынан бошотулушун сынга алды. “Кошумча нарк салыгынан бошоттук, жыйынтык болдубу? Дарылардын баасы арзандап же сапаты жакшырып кеттиби? Анда эмне үчүн эл колдонгон кумшекер менен май кошумча нарк салыгынан бошотулбайт? Дарыларга кошумча нарк салыгын киргизсек, бюджетке 1 миллиард 200 миллион сом киреше түшөт”,- дейт депутат.

Айта кетсек, бүгүн парламентте өкмөттүн 2013-жыл боюнча отчёту талкууланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: