Бишкекте "9 жаштагы баланы тоногон" деп шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды
Бишкекте өспүрүм "9 жаштагы баланы тоногон" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-майда билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын 38 жаштагы Бактыбек аттуу тургуну кайрылып, анын 9 жаштагы уулун белгисиз адам күч колдоп тоноп кеткенин кабарлаган. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында 1999-жылы туулган Рустам аттуу өспүрүм кармалган. Кылмышка шектүү апасынын коштоосунда милиция бөлүмүнө алынып келген. Иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.