super.kg logo
  Саясат  

Аксыда район акиминин отставкасын талап кылгандар митингге чыгышты

 
Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кара-Жыгач айылында бүгүн, 22-майда аким Медетбек Айдаралиевдин отставкасын талап кылган митинг өттү. Муну SUPER.KG порталына аталган айыл өкмөттүн башчысы Батыркул Шабданов билдирди. Анын билдиришинче, бул митинг көпчүлүк калктын пикирин билдирбейт. 
"Саналуу эле адамдар митингге чыгышты, 20дай адам. Базарга келгендердин айрымдары митингдин жүрүшүнө кызыгып, келип көрүштү, жалпы 40тай адам чогулду. Уюштуруучулары - дүжүр адамдар. Алар аким туура эмес кадрдык саясат жүргүзүп жатканын айтышып, райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдырашит Керимбековдун жакында кызматтан алынышын мисал кылышты. Ушул жана башка аракеттери менен аким кадрларды уруу-урууга бөлүү менен тандап жатканын айтышты. Акимге кайрылуу жасашып, чогулгандар таркап кетишти",- деп билдирди айыл өкмөт башчысы. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: