"Ата Мекен" фракциясы Ошто көчмө жыйын өткөрөт
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы 23-майда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев тийиштүү тема боюнча доклад окуйт.
Жер тилкелерине өз алдынча үй салып алгандардын жерлерин мыйзамдаштыруу маселеси каралып, ошону менен бирге Навои көчөсүндө жайгашкан эстакадалык көпүрөнүн курулуш иши боюнча "Ата Мекен" фракциясынын койгон талаптарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

