super.kg logo

Бишкекте «Манас» жана «Шахнаме» эпосторуна арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

 

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасындагы Иран элчилиги жана КРнын Улуттук тил комиссиясы менен биргеликте «Манас» жана «Шахнаме» эпосторуна арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу 22-майда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

"Манас" эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы" деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын максаты жаш муунду патриоттуулукка үгүттөө, жакшы менен жаманды ажырата билүү, Ата Мекенге болгон сүйүүнү күчөтүү, башка мамлекеттер менен ынтымакта жашоого үндөө болуп саналат.
Конференциянын ачылышы "Манас" айтуудан башталды. Андан соң Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчиси Али Ниджафи куттуктоо сөзү менен конференцияны улантты.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдрахманов мындай конференцияларды тез-тез өткөрүп туруу керектигин баса белгилеп өттү.
Конференцияга КРнын Мамлекеттик тил комиссиясынын директору Эгемберди Эрматов, билим министринин орун басары Д.Кендирбаева, КР ТИМ бөлүм башчысы Ж.Колубаев сыяктуу инсандар катышышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: