super.kg logo

Бүгүн өнөрлүү студенттердин "Бишкек жазы-2014" фестивалынын гала-концерти болуп өттү (фоторепортаж)

 
Даярдык учурунан.
Баш байгени жеңип алган К.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери.
Студенттер "Манас" айтышууда.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Студенттер "Кара жорго" бийин бийлешүүдө.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын алып баруучулары.
Сахна сыртында.
Сахна сыртында.
Сыйлыктарды Бишкек шаардык мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев, КРнын Эл артисти Керим Турапов жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Чалабаев тапшырышты.
Фестивалга Сакиш аттуу лакап аты менен таанымал куудул айым Айнура Турганбаева да күбө болду.
Сыйлыктарды Бишкек шаардык мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев, КРнын Эл артисти Керим Турапов жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Чалабаев тапшырышты.
"Тамашоу" долбоорундагы "Арабаев" курама командасы.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Көрүүчүлөрдүн боорун эзген студенттер.
Фестивалдын көрүүчүлөрү.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалда кыргыз колоритиндеги кийимдер көрсөтүлдү.
Фестивалда кыргыз колоритиндеги кийимдер көрсөтүлдү.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
Фестивалдын жүрүшүнөн.
КРнын Эл артисти Керим Турапов "Бишкегим" аттуу ырын аткарып фестивалды жыйынтыктады.
Студенттердин өнөрүнө күбө болгон көрүүчүлөр аларга туруп кол чаап узатышты.

Бүгүн, 22-майда Бишкектеги Спорт Ордосунда өнөрлүү студенттердин “Бишкек жазы-2014” фестивалынын гала-концерти өзгөчө шаң менен өттү. Иш-чарада таланты ташкындаган студенттер чыгармачылыгын тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жаратышты. Ошондой эле 12-жолу өткөрүлүп жаткан фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев: "Артка кылчайып көз жүгүртсөк, бул фестиваль өз максатын жигердүү аткарып, бир топ жаштардын чыгармачылыгынын өркүндөшүнө өбөлгө болууда десем жаңылышпайм. Мисал катары атай кетсем, Элмирбек Иманалиев, Курал Чокоев, Айбек Замирбек уулу, Гүлжигит Калыков аталган фестивалдан такшалып, лауреат болуп, албан-албан ийгиликтерди жаратып, элибиздин сүймөнчүлүгүнө ээ болушту",- деп белгилеп өттү өз сөзүндө.

Фестивалдын жеңүүчүлөрү:

Баш байге – К.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (25 миң сом).

1-орун – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (20 миң сом).

2-орун – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы(15 миң сом.)

3-орун – К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (10 миң сом).

Ошондой эле калыстар тобунун атайын сыйлыгы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетине (15 миң сом) тапшырылды.

Сыйлыктарды Бишкек шаардык мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси Малик Ракишев, КРнын Эл артисти Керим Турапов жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Чалабаев тапшырышты.

Белгилей кетсек, салтка айланган фестивалга бул жылы 13 жогорку жана 2 орто окуу жайдын миңден ашуун жаш өнөрпоздор катышып, калыстар тобунун сынына үч жүздөй номер коюлган. Студенттер музыканын бардык жанрын, бийлердин түрүн, театр, адабият искусствосун көрсөтүшкөн. 

Фестиваль Маданият башкармалыгынын демилгесинин алкагында жана Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен өткөрүлүп, уюштуруу иштери менен сыйлык фондуна 710 миң сом сарпталган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: