Чүй облусунда 34 жаштагы айымга тааныш адамы мыйзамсыз айдап кетип калган унаасы кайтарылып берилди
Чүй облусунда 34 жаштагы айымга тааныш адамы мыйзамсыз айдап кетип калган унаасы кайтарылып берилди. Мындай маалымат Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан бүгүн, 22-майда келип түштү.
Ысык-Ата РИИБине 34 жаштагы айым кайрылып, чала тааныш болгон Александр аттуу жаран короосунан Тойота Ист унаасын мыйзамсыз айдап кетип калганын кабарлаган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы унаа аты аталган жаран башкарып жүргөн кезде кармалган. Кийин унаа өз ээсине өткөрүлүп берилип, кармалган жаранга карата “автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.