super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин аппараты билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, бир троялык унция алтындын баасы 1300 АКШ долларынан төмөн болгондо тоо кендерин иштетүүчү жана тоо-металлургиялык ишканалардын киреше салыгынын ставкасынын төмөнкү чеги белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 221-беренесинин азыркы редакциясында кирешеге салыктын төмөнкү ставкасы бир троялык унция алтындын баасы 1201ден 1300 АКШ долларына чейин каралган. Демек, бир троялык унция алтындын баасы 1200 АКШ доллары болгондо, киреше салыгы төлөнбөйт.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү алтынга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнө байланыштуу Кыргызстандын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүндө жоготууларга жол бербөөгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: