super.kg logo

“Түрк дүйнөсүнүн интеллигенциясы” уюмуна Кыргызстандан 12 өкүл дайындалды

 

Бишкекте бүгүн, 22-майда түрк элдеринин арасында “Түрк дүйнөсүнүн интеллигенциясы” деген аталышта уюм түзүлдү. Аталган уюмга кыргыз элинин атынан 12 өкүл дайындалып, ага арналган жыйын өттү.

Аталган уюмга дүйнө жүзү боюнча түрк элдеринин интеллигенция катмарлары кирип, уюмдун жетекчилигине  белгилүү жазуучу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов, ал эми аталган уюмдун КРдагы бөлүмүнүн башчысы болуп ЖКнын депутаты К.Иманалиев шайланды.

Жыйында кыргыздын улуу мурастары, руханий дөөлөттөрүнүн элдин келечеги үчүн мааниси чоң экендиги белгиленип, түрк элдеринин орток маданиятын жалпыга жайылтуу иштери жөнүндө айтылды.

Кыргызстандан түрк элдеринин уюмуна дайындалган 12 өкүлдүн тизмеси:

1.Сүйүнбай Эралиев - Кыргыз Эл акыны;

2.Казат Акматов - Кыргыз Эл жазуучусу;

3.Абдыганы Эркебаев - КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

4.Сасыкбай Турдумалиев – “Улутман” саясий партиясынын төрагасы;

5.Тынчтыкбек Чороев – тарых илимдеринин доктору, "Мурас" фондусунун жетекчиси;

6.Каныбек Иманалиев – ЖКнын депутаты;

7.Кубат Оторбаев – КТРКнын төрагасы;

8.Нурлан Мамыров - Швециянын Кыргызстандагы ардактуу консулу;

9.Асанбек Токтогулов - Борбордун Азия бүткүл дүйнөлүк мурастар институтунун директору;

10.Өмүрбек Тилебаев - КТРКнын кызматкери;

11. Ажыбек Абышев – тарыхчы, ишкер;

12. Чолпон Субакожоева – координатор.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: