super.kg logo
  Саясат  

Министрликтер кабыл алган ченемдик-укук актыларды Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосунан өткөрүү демилгеси колдоо тапкан жок

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 22-майда "КРнын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Депутат Абдыманап Кутушев министрликтер менен мекемелер кабыл алып жаткан ченемдик-укук актылар Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосунан өтүшү керектигин айтат. Анткени мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынып жаткан ченемдик-укук актыларында мыйзам жоболоруна карама-каршы келген жагдайлар бар.

Демилгечилердин пикиринде, мамлекеттик органдын жетекчилери ал мекеменин жобосун көбүнчө жеке кызыкчылыгына карата өзгөрткөн учурлар болот. Буга парламенттик көзөмөл болсо, бир мекеменин кызыкчылыгын көздөгөн жоболор кабыл алынбай каларын айтышты.

Талкууда көпчүлүк депутаттар мамлекеттик органдар менен мекемелердин ченемдик-укук актыларынын долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин кароосунан өткөрүү демилгеси өкмөттүн ишине кийлигишүү экенин айтып каршы чыгышты.

Добуш берүүдө демилге четке кагылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: