Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына Түркия 14 миллион доллар өлчөмүндөгү жардам көрсөтөт
КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы Түркиянын Чек ара кызматынын өкүлдөрү тарабынан 14 миллион доллар өлчөмүндөгү жардам алат. Бул тууралуу 22-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев брифинг учурунда маалымдады.
“Түркиянын Чек ара кызматынын өкүлдөрү тарабынан берилчү каражатка эмерек, байланыш каражаттарын жана аскердик техника сатып алуу каралууда”,- деди Р.Дүйшөнбиев.
Маалыматка ылайык, аталган суммадагы жардам 18-июнга чейин келиши керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-07-02
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.