Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбековго сөгүш берилди
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы Бабырбек Жээнбековго сөгүш берилди. Сөгүш Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин тапшырмасын аткарбаганы үчүн жарыяланганын аталган кеңештин 22-майда өткөн жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Кеңештин тапшырмасына шалаакы мамиле кылганы үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө департаментинин директору Миргүл Айдаровага эскертүү берилди. Сарпашев мамлекеттик органдардын жетекчилерине талап дайыма катуулай турганын, айрымдарын иштен айдоо маселеси караларын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

