super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бүткүл Кытай Элдик кеңешинин төрагасы Чжан Дэцзянга Үрүмчү шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бүткүл Кытай Элдик кеңешинин төрагасы Чжан Дэцзянга Үрүмчү шаарындагы теракттын кесепетинен көп курмандыктар болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Төрага Асылбек Жээнбеков өзүнүн жана ЖКнын депутаттарынын атынан каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жапа чеккендер тезирээк сакайып кетишин каалаган сөздөрүн жеткирип коюуну өтүндү. 

Белгилей кетсек, 22-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00 чамасында Үрүмчүдөгү базарга эки машина келип, жарылуучу заттарды ыргыткан. Мындан улам өрт чыгып, анын кесепетинен 31 адам каза таап, 90 адам жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: