super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 10 сомдук тыйындын жасалмасы тарап кеткени айтылууда

 
Кыргызстанда 10 сомдук тыйындардын жасалмасы тарап кеткени айтылууда. Муну бизге Бишкек шаарынын тургундарынын бири билдирип, өзү күбө болгон окуяны айтты. "Маршруткага түшүп, жол киреге 10 сомдук тыйын берсем айдоочу кайра мага кайтарып, башка акча берүүмдү талап кылды. Эмнеге экенин сурасам, мен берген тыйын магнитке (кичи автобустун айдоочулары тыйын үчүн унаасына атайын магнит орнотуп алышат) жабышпай жатканын, жасалма экенин айтты. Чын эле мен берген тыйын жабышкан жок, башка тыйындар жабышып эле турат. Айдоочу "мындай учур көп болуп жатат" деп билдирди",- дейт шаар тургуну. Айдоочунун айтымында, жасалма тыйындар чыныгы тыйындан сырткы көрүнүшү боюнча айырмаланбайт (сүрөттө жүргүнчүдөн кичи автобустун айдоочусу албай койгон 10 сомдук тыйын). 
Улуттук банктын бул тууралуу маалыматы жок. "Азыр угуп жатабыз, тийиштүү адистер менен сүйлөшкөндөн кийин кошумча маалымат беребиз" деп жооп беришти мекемеден. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: