super.kg logo

Бишкектин базарындагы жашылчаларга болгон баалар былтыркы жылга салыштырмалуу 5-15 сомго чейин кымбат (фоторепортаж)

 
Сатуучулардын айтымында, бул Жалал-Абаддагы күнөсканада өстүрүлгөн өрүктөрдүн баасы 160-180 сомдун тегерегинде (былтыркы жылы ушул мезгилдеги баасы 130-150 сомдун тегерегинде болгон).
Базардагы алчанын 1 килограммынын баасы 150 сомдун тегерегинде (былтыркы баасы да 150 сомдун тегерегинде болгон).
Ташкенттен алынып келинген бадыраңдын 1 килограммы 35-45 сомго чейин, ал эми Жалал-Абаддан алынып келинген бадыраңдын баасы 50 сомго чейин (былтыр бул учурда баасы 30-35 сомдун тегерегинде болчу).
Сарымсактын 1 даанасы 15 сомдон 30 сомго чейин, ал эми 1 килограммы 130-140 сомду түзүүдө (былтыр 1 килограммы 120 сомдун тегерегинде болгон).
Көк пияз, укроп, кинза жана башка тамак-ашка колдонулуучу чөп-чардын баасы 5 сомдон 15 сомго чейин, бул жыл башынан бери 5 сомго арзандаптыр (баасы өзгөрүлгөн жок).
Ашкабактын сүйрү түрүнүн (кабачки) 1 килограммы 100 сомду түзүүдө (былтыр баасы 80-90 сомдун тегерегинде болгон).
Болгар жана ачуу калемпирдин баасы жыл башында 270 сомду түзүп жаткан, бүгүнкү баасы 170 сомду түзүүдө (былтыр ушу учурда баасы 150-160 сомду түзгөн).
Тамак-ашка колдонулуучу райхандын баасы 15 сомду түзүүдө (былтыр 8-10 сомдун тегерегинде болгон).
Чамгырдын баасы 35 сомдон 40 сомго чейин болууда (былтыр 25-35 сомдун тегерегинде болгон).
Түстүү капустанын 1 килограммынын баасы 100 сом, ал эми кызыл капустанын баасы 40 сомдун тегерегинде (быйыл баасы 5-10 сомго кымбаттады).
Сабиздин баасы 25-30 сомду, ал эми түрптүн 1 килограммы 30 сомду түзүүдө (былтыр 20-25 сомду түзгөн).
Жалал-Абаддын күнөсканасынан чыккан кээ бир помидорлордун салмагы 850 граммды, баасы 95 сомду түзүүдө (былтыр баасы 80-85 сомдун тегерегинде болгон).
Жалал-Абаддын күнөсканасынан чыккан помидорлордун баасы 95 сомду, ал эми Ташкенттики 100 сомдун тегерегинде (былтыр баасы 80-85 сомдун тегерегинде болгон).
Көлөмү кичинерээк капустанын 1 даанасы 10 сом (баасы өзгөргөн жок).
Салат жалбырагы 15 сомду түзүүдө (былтыр бул учурда баасы 8-10 сомдун тегерегинде болгон).
Пияздын баасы жыл башынан бери 30-35 сомдон түшө элек, былтыр ушул мезгилге салыштырмалуу 10-15 сомго кымбатыраак.
Банандын баасы 105-120 сомго чейин, былтыр анын баасы 100 сомдун тегерегинде болчу.
Базардагы алманын баасы 15-20 сомго чейин кымбаттады, бул быйыл Кытайдан келген алманын көлөмүнүн кескин азайышына байланыштуу. Учурда базарда сатылып жаткан алмалардын дээрлик бөлүгү Ысык-Көлдөн алынып келинүүдө.
Шабдалынын баасы 230 сомду түзүүдө, былтыр баасы 170 сомдун тегерегинде болчу.
Чет жактан алынып келинген мандарин, апельсиндердин баасы 100 сомдон 230 сомго чейин болууда. Былтыркы жылдын баалары менен салыштырмалуу 30-50 сомго чейин кымбаттаган. Сатуучулардын айтымына караганда, ал доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу.
Сокулуктун кулпунайларынын баасы айрым жерлерде 120 сомдон, кээ бир жерлерде анын баасы 100 сомдон болууда. Сатуучулардын айтымында, былтыр 100 сомдун тегерегинде болчу.
Өткөн жылдын картошкасынын 1 килограммы 35 сомдон өйдө, ал эми иргелме картошканын 1 килограммы 50 сомго чейин болууда (былтыр баасы 20 сомдон өйдө болгон).
Жаңы чыккан картошканын баасы бүгүнкү күндө 70 сомду түзүүдө (былтыр баасы 50-60 сомдун тегерегинде болгон).

Быйыл базарда бир гана эт-аштын эмес, жашылча, мөмө-жемиштин баасынын кымбаттаганы баарыбызга эле маалым. Өзгөчө күнүмдүк тамак-ашка көп колдонулуучу жашылча-жемиштерге болгон баа былтыркы жылга салыштырмалуу 5-15 сомго кымбаттаганы байкалууда.  

Базар соодагерлеринин айтымында, тамак-аштын кымбатташы жыл башынан бери доллардын курсунун көтөрүлүшү менен тыгыз байланыштуу. А бирок ага карабастан, өз өлкөбүздөн чыккан тамак-аштын баасы эмне себептен өсүп жатканы бүдөмүк бойдон калууда. Учурда сырттан алынып келинген жана өз мекенибизден чыккан азык-түлүктүн баасы бирдей болуп жатат. 

Бишкектин базарларындагы картошканын баасы мындан 2 ай мурун кескин жогорулап кеткен. Азыркы учурда өткөн жылдын түшүмдөрүнүн килограммы 35 сомдон башталат. Ал эми иргелме картошканын баасы 50 сомду түзүүдө. Жаңы чыккан картошканын баасы бүгүнкү күндө 70 сом турат. Пияздын баасы жыл башынан бери 30-35 сомдун тегерегинде болууда. Эске салсак, былтыр ушул учурга карата анын баасы 20-25 сомду түзгөн.

Сатуучулардын айтуусу боюнча, мандариндин баасы былтыркыга караганда кымбатыраак. Себеби ал чет жактан алынып келет. Былтыр анын 1 килограммы 110 сомдон болсо, быйыл 170-200 сомду түзүүдө.

Көк пияз, укроп, кинза жана башка тамак-ашка колдонулуучу көк чөптөрдүн баасы 5 сомдон 15 сомго чейин, бул жыл башынан бери 5 сомго арзандады.

Ал эми Сокулуктун күнөсканасынан чыккан кулпунайларынын баасы айрым жерлерде 120 сом болсо, кээ бир жерлерде баасы 100 сомду түзүүдө. Сатуучулардын айтымында, мындай көрүнүш айрымдар өз баасынын үстүнө 30-40 сомго чейин кошуп сатып жаткандыктан улам болууда.    

Базардагы бааларды көзөмөлдөөчү Монополияга каршы агенттик буга чейин эч кандай тыюу сала албасын жана айрым азык-түлүктүн баасынын кымбатташына чара көрө албастыгын айтып чыгышкан эле.

Агенттиктин билдирүүсүнө караганда, алар картошкага гана эмес, айрым жашылча-жемиштердин баасын да тескөөгө укуктары жок. Аны көзөмөлдөө үчүн өкмөт тарабынан токтом бекитилип берилиши керек экен. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.05.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошмар,Россиянын баасы менен бирдей болуп калыптырго.
23.05.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azem2013, negizi ele kgde rossiyadan kymbat da byiyl ele emes
23.05.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын баарын өлкөбүздө деле өндүрсө болот да, акырындап бизге да жаз келе жатат. Кичине атаандаштык күчөсө бааоар да түшөт.
23.05.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Банан россияда 29рубль болуп атат
23.05.2014. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне кылмак элек,тамшанып коюп өтүп кете беребиз((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: