Калыкбек Султанов: "Кыргызстан аркылуу темир жол курууга 12 миллиард долларга чейинки каражат керек"
“Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга темир жол салуу долбоору КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинде болгон. Бүгүнкү күндө бул маселе бизде талкуулана элек”,- деп билдирди транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов. Муну бүгүн, 23-майда “Министр байланышта” акциясынын алкагында радиолордун биринде берген маегинде айтты.
“Темир жол салуу - жеңил иш эмес. Ал көп каражатты талап кылат. Бул долбоорду ишке ашырууга курулуш ишине 6,5 миллиард доллардан 12 миллиардга чейинки акча керек. Бул каражат маселесине барып такалат”,- деди министр Султанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

