super.kg logo

Ысык-Көлдө алдын ала сүйлөшүүлөр аркылуу тендерлерди жогорку баада утууга жол берген схема ачыкталды

 

Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы башкармалыгы алдын ала сүйлөшүүлөр менен тендерлерди жогорку баада утууга жол берген схеманы ачыктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-майда билдирди.

Маалым болгондой, курулуш иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлгөн тендерлерде жумушту эң арзан баада бүтүрүүнү сунуштаган катышуучу жеңүүчү аталмак. Андыктан тендерге катышуучулар алдын ала сүйлөшүү менен тендерде жеңүүчү аталуучу катышуучунун баасын жогору көрсөтүшкөн. Калган катышуучулар алдын ала сүйлөшүлгөн катышуучу жеңиш үчүн бааларын аныкынан да өйдөрөөк кылып көрсөтүшкөн. Мындай схеманын негизинде 34 миллион 936 476 сомду камтыган Ысык-Көл облусунун 3 айылындагы спортзалдарын куруу боюнча 3 тендерде тең бир эле катышуучу жеңип алган. Аталган окуя боюнча “коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы” жана “алдамчылык” беренелери боюнча иш козголуп иликтөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: