super.kg logo

“Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары болгону менен, бир топ терс жактары да бар” дейт адис Кубат Өмүрзаков

 

“Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары болгону менен, бир топ терс жактары да бар”,- деди өз баяндамасында бүгүн, 23-майда Бажы биримдигине арналган жыйындын жүрүшүндө экономикалык серепчи Кубат Өмүрзаков.

Анын айтымында, Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары: сатуу рыногунун чоңоюшу, инвестициялардын келиши артат, атаандаштыктын деңгээли өсөт. “Эң маанилүү жактарынын бири - Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин чек араларынын жоюлушу. Анткени жеке ишкерлер товарларын тоскоолдуксуз өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”,- деди адис.

Мындан тышкары ал терс жактары жөнүндө да айта кетти. “Бажы биримдигине кирсек, инфляция жана товарлардын баалары өсүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле бюджетте жоготуулар күтүлөт. Реэкспорттун төмөндөшү, бажы тарифтеринин өзгөрүп кетиши да коркунучтуу. Базарларда иштеген 55 миңге жакын сатуучу жумушсуз калышы мүмкүн”,- деди Өмүрзаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.05.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык нерсе кымбаттаса айлыгыбыз кобойбосо жеке ишкерлерге гана жакшы болуп мамлекеттик жумушчуларга кандай болот????????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: