super.kg logo

Таласта репродуктивдүү саламаттык боюнча тренинг өтүүдө

 

Талас облусунда “Репродуктивдүү саламаттык боюнча кызматтын социалдык мобилизациясын жана өнөктөштүк процессин жакшыртуу” деген аталышта 3 күндүк тренинг-семинар өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Семинар-тренингдин жүрүшүндө облус аймактарындагы экономикалык, медициналык жана социалдык көйгөйлөр козголуп, алардын кесепетинен келип чыккан көйгөйлөр, катышуучулардын өз айылдарындагы азыркы учурдагы ден соолукка байланыштуу маселелер аныкталмакчы.  

Маалыматка ылайык, аталган тренингге облустун Талас районунун жана Бакай-Ата районунун ден соолукту чыңдоо бөлүмдөрүнүн адистери, социалдык кызматкерлер жана жергиликтүү дин өкүлдөрү катышууда.

Аталган долбоордун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөнү иреттештирүү, эненин жана баланын ден соолугунун коопсуздугу, КР жарандарынын репродуктивдүү укуктарын, исламдагы аял менен эркектин укуктарын окутуп үйрөтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: