super.kg logo
  Саясат  

Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында мыйзамсыз жерлерге курулган 526 үй бар экенин айтты

 

Бүгүн, 23-майда Ош шаарында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны өттү.

Жыйында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаарда мыйзамсыз жерлерге курулган үйлөрдүн саны 526 экенин айтты.

"Манас-Ата кичи районунда 80, Курманжан датка аймактык кеңешинде 30, Нурматов көчөсүндө 7, Туран шаарчасында 20, Турсунбаев көчөсүндө 13, Бакинский көчөсүндө 208, Жапалак айылында 19 үйдүн тийиштүү документтери жок",- деди мэр. 

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарында 1989-жылдан бери мыйзамсыз жерлерге курулган 6000 үй болгонун айтып, алардын 3500гө жакыны ушул убакка чейин мыйзамдаштырылбаганын кошумчалады. "Бишкек шаарындагы ошол 3500гө жакын үй каттоодон өткөн эмес, алар Бишкек үчүн өгөй. Алар шаардын мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышпайт. Ушул маселени чечүүнүн аракетиндебиз. "Кыбыраган кыр ашат" дегендей, биз ушул эки чоң шаарды: Бишкек жана Ош шаарларын карай берсек, калганын акырындык менен чечебиз деген ниеттемин. 

Сиздердин карооңуздарга 2012-жылдын 3-августуна чейин өз билемдик менен курулган үйлөрдү мыйзамдаштырып берүүнү сунуштап жатабыз. Эмне үчүн 2012-жылга чейин дегенде, ошол жылдан тарта жер басып алуу боюнча күчөтүлгөн мыйзамдар кабыл алынган. Ошол жылга чейинкисин мыйзамдаштырып, андан кийинкисин жокко чыгаралы. Учурда бул боюнча талкуу жүрүп жатат. Балким, ушул жылдын аягында кабыл алабыз",- деди Текебаев.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: