Леонардо ди Каприо менен космоско учуу жолдомосу 1 миллион долларга сатылды

Кайрымдуулук аукционунда Леонардо ди Каприо менен космоско учуу жолдомосу 1 миллион долларга сатылды. Жыл сайын өткөрүлчү бул аукцион Канн шаарына жакын жайгашкан мейманканалардын биринде болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актёр Леонардо ди Каприо жолдомону өзү саткан. Мындан сырткары Энди Уорхол жана Пабло Пикассонун картиналары да сатылган. Аны менен катар аукционго дизайнерлердин кече көйнөктөрүнүн коллекциялары коюлган. Алардын бирин орусиялык ишкер Игорь Сусин 3,5 миң еврого сатып алып, аны аялына белек кыларын айткан.
Бул жылы аукциондо жалпысынан 38 миллион доллар чогулган. Түшкөн каражат, аукциондун салты боюнча, СПИД оорусун изилдөө иштерине берилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
3

Комментарийлер(1)
aida2013

24.05.2014. 01:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы го спид оорусун изилдегенге жумшалса эртерээк изилдеп даарысын тапса копчулугу айыгып жашоосун улантмак ансыз деле адам омуру аз
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.