super.kg logo

2014-жылдын 1-кварталында дарыгерлер тарабынан жазылып берилген рецепттердин саны 240 миңден ашкан

 

2014-жылдын 1-кварталында жазылып берилген жана сатып өткөрүлгөн рецепттердин маалымат базасына ылайык, "Мамлекеттик кепилдиктер" программасы боюнча дарыгерлер тарабынан 241,8 миң рецепт жазылып берилген. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда КРнын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көрсөткүч 2013-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 18 200гө азыраак (былтыр 260 миңди түзгөн). Жазылып берилген рецепттердин ичинен дарыканага келип түшкөнү, башкача айтканда, сатылганы 210,8 миң рецептти түзгөн. 

Ал эми аймактар боюнча жазылып берилген рецепттердин үлүшү төмөнкүдөй болду: Ош облусу боюнча рецепттер 24 пайызды  (57,5 миң рецепт), Жалал-Абад облусу боюнча 21 пайызды (50,5 миң), Баткен облусу боюнча 15 пайызды (37,3 миң), Бишкек шаары боюнча 12 пайызды (29,9 миң), Чүй облусу боюнча 11 пайызды (26,3 миң), Ысык-Көл облусу боюнча 8 пайызды (19,0 миң), Нарын облусу боюнча 5 пайызды (11,9 миң), Талас облусу боюнча 4 пайызды (9,4 миң) түздү. 

Жазылып берилген рецепттердин ичинен сатыкка келип түшкөн рецепттердин эң чоң пайызы Ош облусу боюнча катталган. Аталган жерде жазылып берилген рецепттердин 95 пайызы сатылган. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусу боюнча катталып, 80 пайызды түзгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: