super.kg logo

Май айынын аягында Ош жана Жалал-Абад шаарларында Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун өкүлчүлүктөрү ачылат

 

Ош жана Жалал-Абад шаарларында Адал индустриясын өнүктүрүү борборунун өкүлчүлүктөрү ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда аталган борборбун адиси Талант Ерназаров билдирди.

“Аталган аймактарда айрым жергиликтүү ишкерлер тамак-аштарын адал стандартына туура келбеген шартта өндүрүп, керектөөчүлөрдүн укугун бузуп жатышат. Мындан ары Ош жана Жалал-Абаддын тургундары үчүн жакындан кызмат көрсөтүү максатында өкүлчүлүк ачып, элге жана өндүрүшчүлөргө адал стандарттары тууралуу кеңири маалыматтарды жеткирип турабыз”,- дейт Ерназаров.

“Буюрса, ушул айдын аягына чейин аталган аймактарда өкүлчүлүктөрдүн ачылышы болот. Учурда уюштуруу иш-чаралары жүрүүдө”,- деп кошумчалады адис.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: