super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште адам укуктарын сактоо темасында коомдук угуу өтүүдө

 

Жогорку Кеңеште бүгүн "Кыргызстанда адам укуктарын сактоо" альтернативдүү баяндама долбоорун талкуулоо үчүн коомдук угуу өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышып жатат.

Адам укуктары боюнча кеңештин төрайымы Гүлжамал Султаналиеванын айтымында, жакын арада Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу адам укуктары боюнча маселелерди талкуулоого арналган өкмөттүк күн өтөт. "Бул коомдук угуу ошол иш-чарага даярдык. Саясат айдыңында кырдаалды талкуулоонун дагы бир мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат",- дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко иш-чаранын катышуучуларын талкууга жигердүү катышып, көтөрүлгөн маселелер боюнча ачык-айкын пикир алышууга чакырды. "Коомдук угууда балдардын, улгайган адамдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, аялдардын укуктарын коргоо, ички жана тышкы миграция, жарандардын шайлоо жана шайлануу укугу, кыйноолордун жана зомбулуктун алдын алуу сындуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору каралат",- деп билдирди Никитенко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: