Ысык-Көл облусу боюнча 4744 окуучу мектепти бүтүрүп, алардын 70и артыкчылык менен аяктап жатат
Эртең, 24-майда Ысык-Көл облусунда Акыркы коңгуроо иш-чаралары өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жалпы облус боюнча 11-классты 4744 окуучу аяктап жатат. Мындан тышкары 9-классты 7237 окуучу бүтүрүүдө. Алардын ичинен артыкчылык менен аяктап жаткандар 11-класстардан 70 окуучуну, 9-класстардан 115 окуучуну түзөт.
Акыркы коңгуроо иш-чараларын облустагы бардык күч түзүмдөрү мектеп директорлору жана мугалимдери менен бирдикте көзөмөлгө алышмакчы. Акыркы коңгуроолорго өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, район, шаар жетекчилери да катышышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.