Жоомарт Оторбаев Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык форумда баяндама жасады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 23-майда Санкт-Петербург шаарына болгон бир күндүк иш сапарында XVIII Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышып, баяндама жасады. "КМШ - заманбап реалдуулук жана туруктуу өнүгүүгө чакырык" сессиясында Жоомарт Оторбаев форумдун жогорку деңгээлде уюштурулганын, бул КМШ өлкөлөрүндө экономиканы өнүктүрүү үчүн өз ара пикир алмашууга ийгиликтүү аянтча болуп берерин белгиледи. Интеграциялык процесстерге токтолгон премьер "Дүйнөдө аймактык интеграциялык бирикмелердин ийгиликсиз мисалдары белгисиз. Эгер алардын алдында катачылыктар кетип жатса, оңдолот" деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

