Тайырбек Сарпашев "буга чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды токтотууга реалдуу аракет жасалбады" дейт
Бүгүн, 23-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги менен өкмөттүн кезектеги жыйыны өттү. Күн тартибинде жаңы иштелип чыккан Ысык-Көл курорттук аймагынын башкы схемасы каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сарпашев мындай документти кабыл алуу өтө зарыл экенин белгилеп, бул Ысык-Көлдүн жээгиндеги баш аламан курулуштарды токтото турганын белгиледи.
"Буга чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги өз алдынча салынган курулуштарды токтотууну баары айтып келишкен. Бирок иш жүзүндө бул багытта реалдуу кадамдар жасалган эмес",- дейт өкмөт мүчөсү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

