super.kg logo

Актриса, фотомодель Ким Кардашьян бойдокчулук жашоосу менен коштошот

 
Актриса болочок жолдошу Канье Уэст менен.

Америка жылдызы, актриса, фотомодель Ким Кардашьян бүгүн, 24-майда бойдокчулук жашоосу менен коштошкону турат. Анын урматына 22-майда сиңдилерин жана жакын курбуларын чогултуп, Париждеги ресторандардын биринде чакан кече, "девичник" өткөрдү. Ал эми шаардын башка бурчунда Ким Кардашьяндын ата-энеси, чоң энеси жана жакындары үйлөнүү үлпөткө даярдануу максатында жолугушту. Бул тууралуу актриса жеке баракчасына жарыялап, сүрөттөрүн кошо илди.

Белгилей кетсек, 33 жаштагы Ким Кардашьян менен анын болочок жолдошу 36 жаштагы рэпер Канье Уэст бүгүн Флоренцияда баш кошушат. Бул актрисанын экинчи никеси болсо, Канье Уэсттин биринчи никеси. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.05.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силер да бактылуу боло бергиле айланайындарым...
25.05.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун бактынды таптын беле Angel92
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: