super.kg logo
  Саясат  

Украина эли бүгүн жаңы президентин тандоодо

 

Бүгүн, 25-майда Украинада бардык шайлоо участкалары ачылып, эл президенттикке талапкерлерге өз добуштарын берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын маалыматына таянсак, шайлоо бюллетендеринде 21 талапкердин аты көрсөтүлгөнү менен, учурда 17 саясатчы гана президенттикке ат салышууда. Анткени Василий Цушко, Пётр Симоненко, Зорян Шкиряк жана Александр Клименко бюллетендер басылып чыккандан кийин өз талапкерликтерин алып салышкан.

Кечээ, 24-майда өлкөнүн премьер-министри Арсений Яценюк элге видеокайрылуу жасап, "Биз тыш өлкөлөр каржылаган бандиттер менен чет элдик желдеттердин шайлоону бузушуна жол бербейбиз, добуш берүү финансылык жана мыйзам жагынан толук камсыздалды. Сиздердин добушуңуздарды мындан ары эч ким эч качан уурдай албайт, сиздер өзүңүздөр каалаган адам үчүн добуш бересиздер. Добуштар батыш, чыгыш, түндүк жана түштүктөгү украиналыктардын эркин билдирет" деп жарандарды шайлоодо добуш берип, Украинаны коргоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: