Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы: "Славянск, Донецк жана Луганск облустарында президенттик шайлоо өтпөйт"
"Славянск, Донецк жана Луганск облустарында президенттик шайлоо өтпөйт. Ал жактарга шайлоо бюллетендери жеткирилген жок" деп бүгүн, 25-майда ИТАР-ТАСС агенттиги Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Константин Хивренконун билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.
Басма сөз башчысы "Ооба, жагдай ушундай болуп калды. Ал жактагы абал шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук жаратууда" деген өз билдирүүсүндө.
Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Михаил Охендовский "Славянскта шайлоо процессин өткөрүү кыйынчылык жаратууда. Бул кезексиз президенттик шайлоо болгондуктан, ал жакта өтпөсө да президенттик шайлоо өттү деп эсептелинет" деген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
4

