Темир Сариев: “Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары Астанада бирдиктүү экономикалык союз түзүү маселесин карайт”
Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары Астанада бирдиктүү экономикалык союз түзүү маселесин карайт. Муну ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин 26-майдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, аталган жолугушуу 29-майда өтөт.
“Кыргызстан 2 биримдикке кирүүгө арыз берди, алар: Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак”,- деди министр.
Айта кетсек, аталган комитет бүгүн, 26-майда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасынын долбоорун эске алуу чечимин кабыл алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

